Кытайлык бизнесмендин табышмактуу өлүмү (видео)

613

Ишкер Абдырахман Вуфурду уурдоого жана өлтүрүүгө шектелип кармалган 4 адам Бишкектеги №1 тергөө абагына 2 айга киргизилди. Учурда дагы 4 адам күбө катары суралып жатат. Эки аптадан ашык дайыны чыкпай жаткан бизнесмендин сөөгү өткөн ишемби күнү Нарындын Кочкор районунан табылды.

Анын сөөгү жолдон анча алыс эмес жерде көмүлгөн. Киши колдуу болгон бизнесмен Кытайдын жараны экени белгилүү болду. Анын жасаты мекенине жөнөтүлдү. Ишкерди өлтүрүүгө анын кымбат унаасы себеп болгонбу?