Кытайлык ишкердин өлүмү. Шектүүлөрдүн тизмеси узарат (видео)

589

Кытайлык ишкердин өлүмү боюнча шектүүлөрдүн тизмеси узарат. Күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактардын билдиргенине караганда, бул кылмышка тиешеси бар кеминде дагы 5 киши кармалышы ыктымал экен. Ошондой эле, тартип сакчылары буйрутма берген адамдын дагы изине түшкөнү кабарланууда.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алар ким экени азырынча ачыкталбай жатат. Ал арада өкмөт башчы бизнесмендерге кайрылып, өз ара пикир келишпестик жаралса же кылмыштуу топтун мүчөлөрү көйгөй жаратса, дароо милицияга кайрылуу керектигин айтып, криминалдын кызматын пайдалануудан алыс болууга чакырды.