Кытайлык кыргыздар: дипломатияны талап кылган маселе (видео)

620

Кытайдагы этникалык кыргыздардын маселеси дипломатиялык жолдор менен гана чечилиши зарыл. Мындай пикирлерин бир топ саясий талдоочулар, коомдук ишмерлер жана мурдагы элчилер билдирип чыгышууда. Алардын айтымында, бул кырдаалда Кыргызстан эл аралык келишимдердин негизинде жана эки тараптуу сүйлөшүү жолдору менен гана аракеттенүүсү зарыл.

Эскерте кетсек, буга чейин Кытайдын жарандары болгон этникалык кыргыздар «тарбиялоочу лагерлер» деп аталган мекемелерде кармалып турганы жөнүндө маалыматтар тараган. Алардын Кыргызстандагы туугандары жардам сурап, президентке да кайрылышкан. Шаршембиде Сооронбай Жээнбеков бул маселеге этият мамиле кылуу керек экенин жана дипломатиялык каналдар аркылуу иштер жүрүп жатканын айткан.