Кыз ала качууга шектелген 23 жаштагы жаран кармалды (видео)

3617

Чүй областында адам урдоого шектелген жаран кармалды. 23 жаштагы жигит түнкү үчтөрдө Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 жаңы конушунан 20 жаштагы кызды ала качкан.

Түндө аймакта «Кармоо» планы жарыяланып, эртең менен «Сосновка» постунан колго түшүрүлгөн. Маалыматтарга караганда, бала кызды Токтогул районуна ала качып бара жаткан.