Кызды талап салган алабай итинин ээсине чара көрүлөбү? (видео)

826

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын 42 жаштагы тургуну кызын талап салган алабай итинин ээсине карата чара көрүлбөй жатканына нааразы. Окуя 28-сентябрда болуп, анда короодон чыгып кеткен ит көчөдө ойноп жүргөн балдарга кол салып, натыйжада эки кыз жабыркаган.

Кыздардын биринин башы катуу жабыркап, ооруканга жеткирилген. Бул факты боюнча кыздардын апасы Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Бирок кылмыштын курамы жок деген негиз менен кылмыш иши козголгон эмес.