Кызды зордуктоого аракет кылды деп шектелген таксист камакка алынды

962

Жүргүнчү кызды зордуктоого аракет кылган деп айыпталган таксист тергөө абагына 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Борбор калаада 24-ноябрь түнү кичи райондордун биринде таксинин айдоочусу бир кызды зордуктоого аракет кылган. Көчөдө кетип бараткандар машинадан чыккан катуу кыйкырыкты, бирөөнүн жардам сурап жатканын угуп, автоунаага жакын барып, каалгасын ачтырганда жүргүнчү катуу коркуп калгандыктан кеп сөзгө келбей качып кеткен. Мунун баарын күбөлөр телефонго тартып калышкан.

Тасма интернетке жарыялангандан кийин, кылмышка шектүү кармалган. Ошондой эле, жабырлануучу кыз дагы милицияга кайрылып, таксинин айдоочусу зордуктоого аракет кылганын айткан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.