Кызмат талашуу эми жогорку окуу жайларга жетти (видео)

4116

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кээ бир мугалимдери азыркы ректор Канат Садыковду ордунда калтырууну талап кылышууда. Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ректорлукту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевге сунуштаганы кабарланган.

Азырынча бул боюнча эч кандай документке кол коюла элек. Ал эми Каныбек Осмоналиев анын ректор катары келишине кызыкдар болбогон топ туура эмес иштери ашкереленет деп кооптонууда деген пикирде.