Кызмат учурунда таяк жеген жол инспектору ооруканада (видео)

1403

Жол инспектору кол салууга кабылып, жапа чекти. Окуя 5-декабрда Бишкектин Байтик Баатыр көчөсү менен Суеркулов көчөсүнө жакын жерде катталган. Бирок видео интернетке кечээ гана жарыяланды. Тасмада жолдун жээгине туура эмес жерге токтотулган машинанын айдоочусуна инспектор административдик протокол түзүп жатканын көрүүгө болот. Тойота Виш унаасын эвакуатор менен алып кетип жатышкан.

Ошол убакта тартип сакчысына бир адам басып келип, сөгүнүп, кызматкерди бутка тээп, бетке чапкан. Натыйжада, инспектордун баш мээси чайкалып, ооруканага жаткырылды. Бул окуя боюнча жеңил берене менен кылмыш иши козголуп, ал эми милиционерге кол көтөргөн адам үй камагына чыгарылган.