Кызматтан алынган Дашков өз ордунда иштеп жатат (видео)

2018

Бир жума мурда «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси кызматынан бошотулган Василий Дашков дагы деле иш ордунда. Аны жумуштан алуу боюнча буйрукту премьер-министр Улукбек Марипов 25-мартта эле чыгарыптыр. Бирок коомчулукка кечээ гана белгилүү болду. Ошол эле учурда, темир жолу ишканасынын кызматкерлери өкмөттүн токтому аларга келбегендигин айтышууда.

Мындан улам Василий Дашков иштеп жатыптыр. Бирок ал журналисттер менен жолугушууну каалаган жок. Анын ордуна басма сөз катчысы маалымат таратты. Ал эми Транспорт министрлиги Дашков бир жума мурда эле кызматтан алынган айтып, документти көрсөттү.