Кызматтан кете турган кезек кимге жетти? (видео)

1799

Жакынкы күндөрү өкмөттүн курамынан 4-5 министр кетээри айтылууда. Муну премьер-министр өзү деле тастыктаган. Бирок кайсы аткаминерлер жумушсуз калаары чечиле элек. Айрым маалымат каражаттары: билим берүү, ички иштер, социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо жана айыл-чарба министрлери кызматтан алынаарын жазып чыгышты. Аталгандардын айрымдары жетекчиликтин бардык чечимдерин кабыл алууга даяр экенин айтышууда. Азырынча кадрдык өзгөрүүлөр кызмат, агенттиктерде жүрүп жатат. Кечээ эле Бажы кызматынын жетекчилиги алмашты. Бул орунга мекемени мурда башкарган Кубанычбек Кулматов кайрадан келди.