Кызматтык кылмыш жасаган судьялар соттолот (видео)

745

Эки сотко кылмыш иши козголуп, алар кызматтан алынды. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекова жана Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Элвира Жаркеевага кылмыш иши козголду.

Буга чейин Жогорку соттун үч судьясына айып тагылганы айтылган эле. Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка ылайык, бул фактылардын баардыгы боюнча соттор мыйзамсыз чечим чыгарды, деп шектелүүдө. Адистердин пикиринде, бул судьялык кызматтагылардын бардыгын бирден текшерип, электен өткөрүүгө учур келгенинен кабар берет.