Кызматтык унаасы жоктор парламенттин аброюна шек келтирет (видео)

752

Жогорку Кеңештин кадыр-баркын көтөрүү үчүн парламенттин 80 жылдык мааракесин жакшылап майрамдоо керек. Бул тууралуу жалпы отурумда депутаттар айтып чыгышты. Бүгүн эл өкүлдөрү өздөрүнө тиешелүү маселелерге көбүрөөк токтолушту. Алсак, машинага муктаж депутаттарга кызматтык унаа берилиши керек дешет. Ошол эле убакта айрым парламентарийлер депутаттарга гана тиешелүү болгон маселени чагылдырган журналисттерге нааразы болушту. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, өлкөдө башка көйгөйлөр турганда кызматтык унаа актуалдуу болбошу керек. Депутаттарга машина берүү демилгесин туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.