Кызматын «кыя албаган» талапкерлер (видео)

3039

Депутаттыкка аттанып, бирок андан кайра баш тарткан Айтмамат Назаров 7,5 миң сом айып төлөшү мүмкүн. Анткени ал талапкер болуп туруп мамлекеттик иш-чарага катышып, үгүт эрежесин бузганы айтылууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу бул боюнча материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берди.

Ал арада «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» Боршайкомдун дагы бир кандидатка байланыштуу чечимин жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылганы белгилүү болду. Алар кандидат үгүт иштери маалында мамлекеттик каражатты сарптаган деп айыпташууда.