Кызыл-Аскер аймагындагы көрүстөндө митинг-реквием болуп өттү

1049

Улуу Жеңиштин 73-жылдыгына арналган иш-чаралар уланууда. Бүгүн Бишкектин батыш тарабындагы Кызыл-Аскер аймагындагы көрүстөндө митинг-реквием болуп өттү. Иш-чарага 70ке жакын согуш ардагерлери, ооруктун эмгекчилери жана Ленинград блокадачылары катышты.

Согушта маркум болгондорду эскерүү аземи аза күтүү мүнөтү менен башталды. Андан соң, курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлду. Согушта курман болгондордун урматына куралдуу күчтөрдүн аскерлеринин маршы да өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө согуш ардагерлерин келе жаткан Улуу Жеңиш күнү менен шаар жетекчиси, Россия, Беларусь жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн элчилери да куттукташты.

Эске салсак, аталган көрүстөндө Улуу Ата Мекендик согуштун 248 катышуучусу көмүлгөн.