Кызыл-Аскердеги өрт бир үй-бүлөнү үйсүз калтырды (видео)

642

Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер районунда өрт бир үй-бүлөнү көчөдө калтырды. Кырсык кечки саат жетилер чамасында катталган. Жергиликтүүлөр “101” кызматына кайра-кайра чалып чакырганы менен, атайын кызматтын унаалары 1 саатка жакын убакыттан кийин келди.

Жергиликтүү тургундар өрт өчүрүүчүлөр күттүргөнү аз келгенсип, алгачкы жөнөтүлгөн унаалар суусу жок келди деп нааразы болушууда. Жалын катуу болгондуктан коңшу үйгө да жабышып, алоолонгон отту куткаруучулардын үч бригадасы араң өчүрдү.