Кызыл китепке кирген жандыктардын саны көбөйүүдө (видео)

3036

«Ысык-Көл» жаратылыш коругунда Кызыл китепке кирген жан-жаныбарлар менен канаттуулардын саны көбөйүүдө. Алардын арасында сулуулугу менен суктандырган ак куулар да бар.

Канаттуулардын көл жээктеп көп байырлай башташына жеми мол болуп, кырдаалдын тынч болушу өтө маанилүү экен. Адистердин айтымында, мындай көрүнүш бир нече жылга созулган эмгектин үзүрү.