Кызыл-Омпол уран кени боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү

1033

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Комиссия курамына министрлер, мекеме жетекчилери, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, тийиштүү айыл өкмөт башчылары болуп 20дай киши кирген. Ага өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов төрагалык кылат.

Жаңы түзүлгөн комиссия 20-апрелде уран кени менен жеринен таанышып, анда бул маселе өкмөттүк деңгээлде карала турганы айтылды.

Буга чейин Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Майрамкүл Кыдыралиева Кызыл-Омпол уран кенинде чалгындоо иштери гана жүрүп жатканын айткан. Ал иштер изилдөөгө алынган лицензиянын негизинде эле жүргүзүлүп жатканын белгилеген.

Кенди чалгындап жаткан «Юразия в Кыргызстане» ЖЧКсы Россия менен Кыргызстандын биргелешкен компаниясы болуп саналат. Анын 60 пайызына орустар ээлик кылса, 40 пайызы Кыргызстанга таандык.

Кенди чалгындоого лицензия 2010-жылы алынган. Чалгындоо иши 2012-жылы башталган. Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылы, 31-декабрда бүтөт.

2015-жылы Кызыл-Омполдун “Таш-Булак” тоо-кен участкасы мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Буга чейин жергиликтүү тургундар «экологияга зыян келет» деп бир нече жолу нааразылык акциясын өткөргөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.