Кызылча кабыл алуу жайындагы нааразычылык (видео)

760

Чүй областынын Кант шаарындагы кызылча кабыл алуу жайына түшүм жеткиргендер нааразычылыктарын билдирип чыгышты. Айдоочулардын көпчүлүгү аталган жайдын жетекчилиги өз билемдик менен талаптарды коюп, жаңы шарттарды киргизип жатканын айтышууда.

Мисалы түшүм кабыл алуучу жайга чиркегичи бар унаа менен киргенге болбойт экен. Ал эми экинчи тарап болсо, бул айтылгандар менен макул эмес. Айтымдарында чиркегичи бар унааларга чектөө 3 жыл мурда эле коюлган.