Латвияда Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына кылмыш иши козголду

749

Латвияда экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата кылмыш иши козголду. УКМК бул мурдагы аткаминерге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча козголгон ишинин алкагында болгонун кабарлады.

Интерполдун Рига шаарындагы бюросунун маалыматы боюнча Зилалиевдин жубайы Латвиянын банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн эсеп ачкан. Депозиттик эсептер 3 адамдын атына катталган. Кийин ал эсептер аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон.

Мындан улам, Латвиянын укук коргоо органдары Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата «акчанын изин жашыруу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, Интерполдун Рига шаарындагы улуттук-борбордук бюросу Кыргызстанга алар тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

Эске салсак, былтыр Зилалиевге карата байлыкты мыйзамсыз түрдө топтогон, тагыраагы мүлкүнүн бир бөлүгүн декларацияга көрсөтпөй, жашырган деп айыпталып, жашаган үйү жана ага тиешелүү объектилер тинтүүгө алынган. УКМК Зилалиевдин банктагы эсебинен 900 миңге жакын доллар табылганын маалымдаган. Ал эми беш бөлмөлүү батиринен 2 миллион 900 миң сом жана 100 миң доллар накталай акча, кымбат баалуу сааттар, зер буюмдар жана кызматтык күбөлүктөр табылган. Бул иш бир нече инстанцияда каралып, Бишкек шаардык соту экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди шарттуу түрдө 3 жылга соттогон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.