Лавров: ИМ тобунун согушкерлери Борбордук Азия чөлкөмүнө өткөрүлбөш керек

775

«Ислам Мамлекети» террордук тобунун согушкерлерин Афганистандан Борбордук Азия чөлкөмүнө өткөрбөөгө болгон аракетти жумшоо керек. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров пакистандык кесиптеши Хавадж Мухаммад Асиф менен жолугушуу учурунда билдирди.

Россиялык башкы дипломаттын айтымында, Афганистандын чыгыш жана түндүгүндө согушкерлердин саны көбөйүп, алар миңге жетип калды. Учурда алар Борбор Азия өлкөлөрүнө өтүп, андан ары Россиянын аймагына өтүү коркунучу чоң. Андыктан бул багытта бардык чараларды тез арада көрүп, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдү бул көрүнүш менен күрөшүүсүн активдештирүү зарыл, дейт Лавров.

Эске салсак, акыркы айларда Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерде мизи майтарылган согушкерлер Афганистан, Пакистан жана Борбордук Азия чөлкөмүнө оой баштаганы айтылууда.