Легендага айланган автоунаалардын көргөзмөсү Бишкекте (видео)

988

Милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бүгүн Бишкек шаарында ретро унаалардын көргөзмөсү болду. Анда коюлгандар союз учурунан бери сакталып, кыргыз милициясынын тарыхында калган машиналар. Өлкөгө алгачкы кайгуул унаасы 70-жылдары алып келинген. Ага чейин тартип сакчылары ат, ат-араба колдонушса, кийин техниканын өнүгүшү менен оор жүк ташуучу унаалар пайдаланылган. Кайгуул кызматкерлеринин айтымында, мурдагы «Москвич”, “Жигули”, “Волгалардын” ордун заманбап машиналар баса албайт.