“Легендарлуу парламенттин” депутаты Кемел Ашыралиев (видео)

653

Акыркы учурда аткаминерлердин жүрүм-туруму, оюна келген сөздү сүйлөгөнү боюнча сын пикирлер күч алууда.

Бири бюджеттин эсебинен чет өлкөгө иш сапар менен барып, бир жумуш бүтүрбөй, мас болуп тайраңдап келгени айтылса, экинчиси өзүн бай-манаптай сезип, жардамчыларына кол чатыр карматып жаандан корголосо, дагы бири жыйындарда уктап калса, кээ бири оозго алгыс сөздөр менен сөгүнсө да кызматтан жогоруласа, дагы бирөө чоң муштум аткаминер катары атагы чыккан.

Жумалык берүүсүнүн алкагындагы интервью бул жолу ушул темага арналды.