Лейлек районунда сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда

951

Селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилген Баткен областынын Лейлек районунда сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда. Селден жабыркагандар үчүн Катран айылынын Таш-Коргон аймагына он кишилик сегиз чатыр тигилип, гуманитардык жардам таратылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Эске салсак, 2 күн мурда аймактагы Лейлек, Катран, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент жана Маргун айылдарында катуу жаандан кийин сел жүрүп, анын кесепетинен 16 үйдү суу каптап, алардын жетөө таптакыр жараксыз абалга келген.

Мындан тышкары, бир канча жер тилкелерге, ички чарбалык жолдорго, көпүрө-дамбаларга жана электр мамыларына зыян келтирилген. 25 баш малды сель агызып кеткен. Ал эми Өзгөчө кырдаалар режими кырсыктын кесепеттери жоюлгандан кийин гана алынат.