Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары үйлөрүнө кайтып келишти

1087

Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыккан Лейлек районунун Максат айылындагы орто мектепте окуу процесси толугу менен жанданды. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти. Белгилей кетсек, окуя учурунда мектептин имаратына граномёттун чачырандылары тийип, дубалдарына жана терезелерине зыян келтирген. Област жетекчилигинин билдирүүсүнө караганда, учурда окуучулар үчүн билим алууга шарт түзүлгөн.

Ошондой эле, ок атуу учурунда Максат айылынан убактылуу чыгып кеткен 120дан ашык тургуну өз үйлөрүнө кайтып барган. Мамлекеттик чек ара кызматы болсо, учурда эки өлкө ортосундагы чек арадагы абал тынч жана туруктуу экенин билдирди. Бардык өткөрмө пункттары жана чек арачылар штаттык режимде иштеп жатат.

Эки жактын тартип сакчылары Кыргызстандын Максат жана Тажикстандын Калача Оочи пункттарындагы коомдук тартипке биргеликте көз салышууда. Дүйшөмбү күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында курулуш иштеринен улам чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Тажикстан тараптан болсо 3 киши набыт болуп, бир нечеси жаракат алган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.