Лейлекте өзгөчө кырдаал режими киргизилди (видео)

1039

Баткен областынын Лейлек районунда селдин кесепетинен улам 7 турак-жай таптакыр жараксыз абалга келип, андагы жашоочулар чатырларга көчүрүлдү. Жаратылыш кырсыгы катталган аймакка өзгөчө кырдаалдар режими киргизилип, селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. 9-10-июнь күндөрү катуу жаандан улам Лейлектин 5 айылында сел жүрүп, үйлөрдү суу каптап, мал-жандыктарды агызып кеткен. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы жаратылыш кырсыгы келтирген чыгымдын өлчөмүн тактап жатат. Өзгөчө кырдаалар режими тазалоо иштери аяктаган соң гана алынары белгилүү болду.