Лексус менен инспекторду жөөлөгөн экс-депутаттын кызы эмне дейт? (видео)

1076

Инспекторду жөөлөй айдаган Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын кызына кылмыш иши козголду. 43 жаштагы аялга «бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча айып тагылды. «Лексус» унаасынын ээси Нургүл Балтабаева ал тарабынан мыйзам бузуу болбогонун айтууда. Учурда эки тарап тең бул иштин адилет каралуусун күтүп жатышат. Эске салсак, кечээ Бишкектин көчөлөрүнүн биринде жолтандабастын айдоочусу жол коопсуздук кызматкери тарабынан токтотулуп, бирок ортодогу түшүнбөстүктөн улам, ага баш ийбей, машинасын айдап жөнөгөн. Буга жол бергиси келбеген милиционер унаанын алдына чыга калып, айдоочу аны 20-30 метрге чейин жөөлөп барган. Бул видео 2 күндөн бери кызуу талкууланып жатат.