Ленинград курчоосунун курмандыктары эскерилди (видео)

437

Ленинград курчоодон бошотулганына 76 жыл болду. Блокада 900 күнгө созулуп, 1,5 миллионго жакын тургундун өмүрү кыйылган. Курчоодогу шаар тургундары душмандардын бомбалоосунан тышкары, күндүн суугу, ачарчылык менен күрөшкөн.

Бишкек шаарында Даир Асанов атындагы эс алуу багында блокада курмандыктары эскерилди. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков катышып, Ленинград блокадасынын алыныш жеңишке болгон ишеничти күчөткөнүн белгиледи.