Таштанды ташыган унаа троллейбустардын линиясы өткөн мамыны сүзүп кетти

618

Бишкекте таштанды ташыган унаа мамыны сүзүп, троллейбустардын кыймылын токтотту. Кырсык Лев Толстой көчөсүндө болгон.

Маалыматтарга караганда эртең менен саат 7де атайын унаа жолдон тайгаланып кетип, троллейбустардын линиясы өткөн мамыны барып сүзгөн.

Мунун кесепетинен 4 коомдук транспорт токтоп калып, жолдо тыгын пайда болгон. Троллейбустардын кыймылы бир сааттан ашык убакыттан кийин калыбына келтирилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.