Лифт иштебей, 5-кабатка бейтап ташыган медиктер (видео)

1717

Өлкөнүн ооруканаларындагы лифттердин 90 пайызы эски. Колдонуудан чыкканына карабастан медициналык мекемелердин жетекчилери оңдоп түзөп эптеп пайдаланып жатышыптыр. Арасында такыр эле жарактан чыгып, иштебей тургандары дагы бар. Бейтап ташыган лифт иштебегендиктен, дарыгер менен бейтаптын жакындары оорулуну медициналык замбилге салып, тепкичтер менен үстүңкү кабатка көтөрүп чыгышат.

Жакында эле Улуттук госпиталдагы ушундай абал тартылган тасма интернетке тараган. Оорукананын жетекчилиги лифтти оңдоого мүмкүн болбой калганын, жаңысын сатып алууга каражат табылбай жатканын айтууда.