Лифтте депутат-айымга асылган ким? (видео)

698

Жогорку Кеңештин лифтинде депутатка ыдык көрсөткөн мамлекеттик кызматкер ким? КСДП фракциясынын мүчөсү Эльвира Сурабалдиева парламенттин имаратындагы лифтте бейтааныш адам ага асылганын билдирген. Бирок депутатты кучактап, жосунсуз жорук жасаган мамлекеттик кызматкердин аты-жөнү азырынча белгисиз бойдон калууда. Бүгүнкүгө чейин ал депутаттан кечирим сурай элек экен.

Эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева көтөргөн «харассмент» боюнча же башкача айтканда, жумуш учурунда одоно тийишүү же асылуулар үчүн Кыргызстанда азырынча бир дагы адам жоопкерчиликке тартыла элек. Болгону ал учурлар ачыкка чыкпай, жашыруун бойдон кала берет, дейт депутат. Ал эми башка өлкөлөрдө кызмат учурунда ыдык көрсөткөндөр кандай жазага тартылат?