«Лигласс» компаниясы 37 миллион долларды качан котороору белгисиз

887

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга милдеттеме алган чехиялык инвестор 37 миллион долларды качан котороору белгисиз. Бул тууралуу «Лигласс» компаниясынын ээси Михаэл Смелик так маалымат бере алган жок. Ал бүгүн журналисттер менен жолугушуп, долбоорду ишке ашырып, аягына чыгарууга даяр экенин билдирди.

Ошол эле учурда, финансылык кыйынчылыктар болуп жатканын ачыктады. Эскерте кетсек, эртең чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясынын Россиянын “РусГидро” ишканасына 37 миллион доллар төлөп берүү мөөнөтү аяктайт. Акча 19-сентябрга чейин «Электр станциялары» ишканасында ачылган эсепке түшүшү керек. Буга чейин өкмөт мүчөлөрү инвесторлор келишимди аткарбаса, Кыргызстан аны бир тараптуу бузаарын айткан. Эң кызыгы, бүгүн «Лигласс» компаниясынын негиздөөчүсү каражат качан которулат деген суроого так жооп бере алган жок.

Смеликтин айтымында, Лондондогу банк каржылоодон баш тартып, Европадагы банкындагы 40 тай эсеби текшерилип, операция кылууга мүмкүн болбой жатат. Мындан улам, бүгүн бул жаатта өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрөт экен. Чехиялык ишкердин мындай жообу буга чейин болуп келген күмөн ойлорду ого бетер күчөттү.