«Лигласс» “РусГидрого” 37 млн долларды 19-сентябрга чейин төлөп берүүсү керек

1131

Чехиялык «Лигласс Трейдинг» компаниясы Россиянын “РусГидро” ишканасына 37 миллион долларды 19-сентябрга чейин төлөп берүүсү керек. Бул тууралуу өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча Мамлекеттик комитети кабарлады. Буга чейин бул акча 18-сентябрга чейин төлөнөт, деп айтылып келген болчу.

Эске салсак, кыргыз өкмөтү менен чех компаниясынын ортосундагы келишимге ылайык, “Жогорку Нарын ГЭС каскады” ишканасынын акцияларынын 50 пайызын менчиктеш үчүн «Лигласс Трейд»- «РусГидрого» 37 млн доллар төлөп бериши керек. Келишимге 4-августта кол коюлуп, аталган сумма 30 банктык күн аралыгында которулушу керек болчу. Бирок ортодо майрамдар, дем алыш күндөрү эсептелип отуруп, төлөм дагы бир күнгө жылганы белгилүү болду. Акча алгач Кыргызстандын «Электр станциялары» ишканасында ачылган эсепке түшүп, ал жактан «РусГидрого» которулат.