«Лигласс Трейдинг» компаниясы 37 млн долларды төлөп бере албайт (видео)

994

«Лигласс Трейдинг» компаниясынын финансылык абалы оорлоду. Анын өнөктөштөрү Кыргызстанда ГЭС куруу долбоорун каржылоодон баш тартышууда. Андыктан чехиялык инвесторлордун убадалаган 37 миллион долларды качан котороору белгисиз. Буга компаниянын негиздөөчүсү Михаил Смеликтин так жообу жок. Бүгүн чет өлкөлүк инвестор маалымат жыйын өткөрүп, долбоордун алкагында түзүлгөн кырдаалды айтып берди. Анын сөзүнө караганда, компания жакын арада Кыргызстанга акча которо албачудай. Ал эми келишим боюнча эртең бул каражатты төлөп берүү мөөнөтү аягына чыгат. Бирок инвесторлор акча которуунун ордуна финансы жаатында кыйынчылыктар болуп жатканын айтуу үчүн Бишкекке келишкен.