Логистикалык борбор боюнча түшүндүрмө (видео)

2163

Ат-Башыда логистикалык борбор кура турган кытай инвестору менен кыргыз өкмөтү инвестициялык келишим даярдап жатат. Документ 2 жума ичинде коомдук талкууга коюла турган болду. Кытайлык ишкер логистикалык борбордун курулушуна 276 млн доллар салгандан сырткары өлкө бюджетине 43 млн сом бериптир.

Бирок жергиликтүү тургундарды Кытай ишкерине 176 гектар жердин 49 жылга ижарага берилип жатканы кооптондурууда. Мындан тышкары, келишимдин мазмуну ачыкталбаганы дагы Ат-Башылыктардын шек саноолорун күчөткөн.