Лондондун мэри Брекзит боюнча кайра референдум өткөрүүнү сунуштады

713

Лондондун мэри Садик Хан Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу боюнча дагы бир жолу референдум өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал The Guardian гезитинин 15-сентябрдагы санына жарыяланган макаласында жазган.

Садик Хандын пикиринде, жарым жылдан кийин Улуу Британия «начар келишим» түзүп, же таптакыр келишимсиз калышы мүмкүн. Ал референдум өткөрүү абалды көзөмөлдөөгө шарт түзө турганын айтып, премьер-министр Тереза Мэй Брекзит боюнча өз партиясы менен гана эмес, Брюссель менен дагы макулдаша албаганын белгиледи.

Брекзиттин шарттары боюнча Лондон менен Евробиримдиктин ортосундагы сүйлөшүүлөр быйыл ноябрда аяктайт. Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу 2019-жылы мартта башталып, 2020-жылдын соңунда чейин аякташы керек.

Буга чейин Тереза Мэй бул маселе боюнча кайра референдум өткөрүү ыктымалдыгын жокко чыгарган.

Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу тууралуу референдум 2016-жылы жайында өткөн. Анда британдыктардын 52 пайызы Брекзитти колдогон. Өлкөнүн биримдик курамынан чыгуусунун шарттары тууралуу сүйлөшүүлөр 2017-жылдын июнунан бери уланып келет.