«Лонг-Хай» фирмасы Кыргызстанга — 210 млн сом карыз (видео)

966

Кытайдын «Лонг-Хай» фирмасы Кыргызстанга 210 миллион сомдун тегерегинде карыз. Ага кошумча, жол куруу үчүн бюджеттен акча алып, бирок жумушту аткарган жергиликтүү фирмаларга каражат төлөбөй жатат. Бул тууралуу парламенттеги транспорт боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Өкмөт мүчөлөрү депутаттарга отчёт беришти. Анда эл өкүлдөрү тармакка байланыштуу бир катар олуттуу суроолорду узатып, бирок жарытаарлык жооп ала алышкан жок.