М. Атабековдун апасын тоноого шектүү – кыйноого алындыбы? (видео)

534

Милиция каракчылыкка шектелип кармалган жаранды ур-токмокко алган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун жетекчилиги билдирди. Айтымдарында, аларга арыз түшөрү менен териштирүү башталып, текшере келгенде, айыпталуучун денесине залал келтирилгени катталган.

Борбордун кызматкерлери тиешелүү ишти Башкы прокуратурага жөнөтүштү. Эгер кыйноо фактысы далилденсе, милиция кызматкерлери 15 жылга чейинен эркинен ажыратылышы мүмкүн. Белгилей кетүүчү нерсе, кыйноого кабылган делген шектүү, ырчы Мирбек Атабековдун үйүнө кирген каракчыларга тиешеси бар деп белгиленүүдө.