Маданий жайдан урандыга айланган театр (видео)

1011

Бүгүн эл аралык театр күнү. Бирок Кыргызстанда бул дата шаңдуу деле майрамдалбайт. Анткени маданият жайларынын жана анда иштегендердин көйгөйлөрү көп. Өлкө боюнча учурда 20дан ашык театр бар. Алардын басымдуу бөлүгүнүн имаратынын эскилиги жетип, костюм, декорация маселелери чечилген эмес. Ал эми артисттердин маянасы өзүнчө маселе. Театр ишмерлери майрам күндөрү өз көйгөйлөрүн айтып, коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракет кылышат.