Маданият ишмерлеринин абройун көтөрүү — учур талабы (видео)

875

Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди. Учурда бул тармакта 16 миңден ашуун адам эмгектенет. Алардын айлыктары өтө деле жогору эмес. Орточо 3-5 миң сомдон маяна алышат. Бирок акчанын аздыгына кайыл болуп, жан дүйнөсүнө жакын иш менен алектенип, элди руханий жактан азыктандырып келгендер арбын. Алар материалдык жардамдан тышкары, моралдык колдоого муктаж, дешет өнөр адамдары. Маданият ишмерлеринин абройун көтөрүү учур талабы. Анткени элдин көбү азыр маданият десе, шоу бизнести гана түшүнүп калды, дейт искусство кишилери.