Маданият министри: «Менден сыйлык сурабагыла» (видео)

1121

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылгандардын 90 пайызы — мамлекеттик сыйлык же наам сурап келгендер болууда. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Азамат Жаманкулов билдирди. Мындан улам, жаш министр өзүнүн ачык кайрылуусун жарыялап, ага сыйлык сурап эле келе бербей, жаңы идеяларды сунуштоону өтүнгөн.

Ал арада бир топ мамлекеттик сыйлыктарды биротоле жоюп салуу керек деген пикирлер айтылууда. Себеби сыйлык-наамдар дайым эле ага татыктууларга берилбей жатканы айтылып келет. Мындан улам, 2012-жылы мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу убактылуу токтотулуп, ал мораторий 3 жылдан кийин гана алынган болчу. Мамлекеттин атынан кимдер сыйланган жана жаш министр маданият ишмерлеринен эмнени күтөт?