Маданият министрлиги: Өлкөдөгү кинотеатрлар 25-сентябрда ачылышы мүмкүн

4289

Мындай сунушту Маданият, маалымат жана туризм министрлиги киргизүүдө. Бирок акыркы чечим Республикалык штаб тарабынан кабыл алынат. Бул маселе жакынкы арада жыйында каралышы күтүлүп жатыптыр.

Маалыматка караганда, ордо калаадагы кинотеатрлардын ачылышы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот. Буга карата бир катар санитардык-гигиеналык талаптар иштелип чыгат. Мындан кийин гана аларга иштөөгө уруксат берүүнү карашат. Буга чейин Бишкек шаарындагы кинотеатр ээлери 2-сентябрдан тарта иштөөгө уруксат берүүнү өтүнүшкөн эле.

Эске салсак, март айында карантин жарыялангандан кийин бардык кинотеатрлар жумушун токтотуп, ошондон бери иштебейт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.