Маданият жана спорт тармагындагы жагымдуу окуялар-2017 (видео)

1059

Биздин спортчулар, маданият кызматкерлери быйыл көп ийгиликтерге жетишти. Мыкты көркөм тасмаларды жараткан режиссерлор абройлуу эл аралык сыйлыктарды чогултса, Көк-Бөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилип, бөбөктөрүбүз АКШда өткөн эл аралык мелдеште алтын кубок менен кайтышты. Булар 2017-жылдагы маданият жана спорт тармагындагы урунттуу гана окуялар. 17 жылдан бери ишке ашпай келген долбоор аткарылып, Бишкекке кыргыздын чыгаан таланты Сүймөнкул Чокморовдун айкели орнотулду. Ал эми Түркияда аргымакка минип, алыстарга көз чаптырган Манас баатырдын эстелиги тургузулду.