Маданияттын бүгүнкү абалы (видео)

837

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда концерттик программа менен коштолгон салтанаттуу иш-чара болду. Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы 1995-жылдан бери белгиленип турат.

Бирок бул күнү дагы тармактагы көйгөйлөргө көңүл бурууга туура келүүдө. Алсак, азыр айылдардын көбүндө маданият үйлөрү иштебейт. Кээ биринин имараттары талкаланса, айрымдары жеке менчикке берилип кеткен. Ал эми китепканаларга окурмандар анда санда гана баш баккандыктан, көбү бош турат.