«Мадина» базарына өрт атайын коюлганбы? (видео)

564

Бишкектеги кездемелер сатылган «Мадина» базарына өрт атайын коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу соодагерлер айтышууда. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча кырсыктын так себебин айта элек.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, өрт чыккан кампада 9 ишкердин товары болгон. Алардын алтоо — Кытай жарандары болсо, калгандары — кыргызстандык соодагерлер. Азырынча ишкерлер канча чыгым тартышканы так эсептелип чыга элек. Учурда өрт кырсыгы боюнча атайын экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.