Мадылыктар эшек сойгон цехтин жабылышын талап кылууда (видео)

753

Кайрадан эшек жаңжалы. Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады айылынын тургундары эшек сойгон цехтин жабылышын талап кылышууда. Жашоочулар ал фермадан чыккан жагымсыз жыт айылды каптап, чымын-чиркей көбөйүп, мунун кесепетинен жугуштуу оорулар тарайт, деп кооптонушууда. Алардын айтымында, цехте иштегендер эшек союудан калган калдыктарды ачык жерге ташташып, малдын кыгы чыгарылбагандыктан, ушундай жагдай жаралган.

Элдин нааразычылыгы күчөгөнүнө байланыштуу тиешелүү кызматтардан турган атайын комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада, ветеринардык-санитардык нормалар бузулганы аныкталган. Бул боюнча Ош областынын губернаторуна арыздануулар түшкөнү менен жергиликтүү бийлик жооп берүүгө шашылбай келет.