Маевка айылында үйлөрдү өрттөгөн деп шектелген адам кармалды

834

Чүй областынын Маевка айылында түн ортосунда үйлөрдү жана автоунааларды өрттөгөн деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Милиция азырынча кармалган жаран тууралуу толук маалымат берүүдөн карманууда. Кылмышка шектүү психикалык жактан жабыркайбы азырынча айтыла элек.

Эскерте кетсек, 17-октябрга караган түнү Маевка айылында белгисиз бирөөлөр үйлөргө, автоунааларга, соода күркөлөрүнө өрт коюп, качып кеткен. Муну акыл эси кем адам жасашы мүмкүн деген версиялар айтылган.

Өрттөн жергиликтүү тургундардын денесине залал келген эмес. Бирок бир нече автоунаа толугу менен күйүп кеткен, ал эми үйлөргө коюлган өрттү тургундар өз учурунда өчүрүп жетишип калган. Баш-аягы ондой үй-бүлө материалдык зыян тарткан.