Маевка айылынын тургундары таза сууга муктаж (видео)

688

Ош шаарынын тургундарына таза ичүүчү суу бериле баштады. Буга чейин шаардыктар суу ичкен Папан суу сактагычы тарапта сел жүрүп, суу булганган. Буга байланыштуу тиешелүү ишкана калаанын бир бөлүгүнө таза суу берүүнү токтотууга аргасыз болуп, ичүүчү суу атайын унаалар менен ташылып жаткан.

Тургундардын мындай кырдаалдарга кептелишине шаарда жабык суу кампасы жетишсиздиги себеп болууда. Ал арада Бишкектин айрым аймактары да, жайдын ысык аптабында суусуз отурат. Мисалы, учурда Маевка айылынын тургундары чарбагындагы жашылча-жемиштерин сугармак түгүл, иче турган таза сууга муктаж.