Маевкадагы массалык өрткө ким күнөөлүү? (видео)

970

Түндө Чүй областынын Маевка айылында белгисиз адам көчөдө турган автоунааларга, үйлөргө өрт койгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, болжол менен онго жакын учур катталды. Бул боюнча областтык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат. Алардын маалыматына караганда, түнкү саат үчтөрдө «Фит» үлгүсүндөгү машина толугу менен өрттөнгөн. Мындан сырткары, дагы эки автоунааны соода күркөлөрүн жана үйлөрдү өрттөө аракети болгон. Тургундар өз учурунда байкап калып, өчүрүүгө үлгүрүшкөн. Милициянын версиясы боюнча, мунун баарын психикалык жактан жабыркаган адам жасашы мүмкүн. Учурда шектүүлөр изделүүдө.