Май куюучу жайларда дизелге тартыштык жаралууда (видео)

1794

Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майга таңсыктык башталды. Өзгөчө дизель отунуна болгон тартыштык акыркы 2-3 күндүн аралыгында курч турууда. Айрым жерлерде мунайдын бул түрү сатылбай калса, кээ бир май куйуучу жайлар убактылуу ишин токтотууга мажбур болууда.

Анын кесепетинен дизель майын колдонгон айдоочулар убара тартышууда. Ал эми нефтетрейдерлер союзунун өкүлдөрү болсо кырдаалды күйүүчү майды ташып келүүчү өлкөлөрдүн өзүндө тартыштык жаралгандыгы менен түшүндүрүшүүдө.