Май менен кумшекер арзандаганы жатабы? (видео)

3075

Кумшекер менен өсүмдүк майынын баасын кармап туруу үчүн жакынкы күндөрү Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы азыктар сатыкка чыгышы күтүлүүдө. Ал эми андагы айырманы жабуу үчүн бюджеттен акча бөлүү чечими кабыл алынган.

Ошондой эле, өлкөдө эң керектүү делген азыктардын тартыштыгына жол бербөө жана алардын баасын түшүрүү үчүн өлкөдөн кумшекер жана өсүмдүк майын жай айларына чейин экспорттоого тыюу салынды. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында акыркы күндөрү кабыл алынган аргасыз аракеттер кандай?